• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Астана: Банкта барымтага алынгандар бошотулду

18 Кулжа 202321:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын борбору Астана шаарындагы Каспий банкынын кеңсесинде барымтага алынгандар бошотулуп, шектүү колго түшүрүлдү.. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-июнда болжол саат 15:00дордо Астанадагы банктын кеңсесинде куралчан адам бир нече кишини барымтага алган.

Барымтадагыларды бошотуу үчүн кылмышкер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында атайын багыттагы кызматкерлер туткундагыларды бошотуу үчүн операция уюштуруп, банктын кеңсесине бастырып кирген. Операция ийгиликтүү аяктап, барымтага алынгандар бошотулуп, шектүү кармалган. Эч ким жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 120