Бишкек.30.03.2018.Govori.TV
Кыргызстанга вице-премьер-министринин жүрүм-туруму үчүн нааразычылык нотасы жиберилген эмес. Бул тууралуу Казакстан тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ануар Жайнаков билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаты Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, вице-премьер-министрдин бирине коңшу мамлекеттен нота келип, кылык-жоругуна баа берилип жатканын билдирген. Бирок, Зулушев кайсы вице-премьер экенин айткан эмес.
22-мартта «Азия Ньюс» гезити Казакстандан нота вице-премьер Даир Кенекеевге келгени тууралуу сөз жүрүп жатканын жазган. Бүгүн, 30-мартта «Жаңы Ордо» гезити Курманкул Зулушев айткан вице-премьер Даир Кенекеев болушу мүмкүн экенин жазган.