• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Астана менен Алма-Атадагы митингди Аблязов уюштурган

11 Бугу 2018 10:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.05.18 Govori.tv

Чет өлкөдө жашап жүргөн казак банкири Муктар Аблязов 10-май күнү Казакстандын бир нече шаарларында болгон митингди өзү уюштурганын моюнга алды. Азаттыктын суроолоруна жооп берип жатып «мен өлкөдөгү митигдердин баардыгынын уюштуруучусумун».- деп айткан.

Эскерте кетсек 10-май күнү Казакстандын Астана, Алма-Ата, Уральск, Атырау, Семей, Чымкент шаарларында митинг болуп, ондогон адам кармалды.

Муктар Аблязовду казакстан бийлиги БТА банкттан миллиардаган акча уурдаган, кылмыш тобун түзгөн деп айыптап келишет. Аблязов болсо бул нерсенин баардыгын саясий куугунтук катары кабыл алып келет. 2016-жылы Франция бийлиги Аблязовду өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Количество просмотров: 17