• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Астана талибдерге элчилик үчүн имарат берет

18 Чын куран 2023 13:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Астанада “Талибанга” элчилик үчүн имарат берүү пландалып жатканын тастыктады. Бул тууралуу 17-апрелде ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров маалымдады.

Смадияровдун айтымында, казак өкмөтү “Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн дипломаттарын” аккредитациядан өткөрүүгө макул болгон.

«2021-жылы августта Ооганстанда бийлик кулаган соң вакуум пайда болду. Ооганстандын чет элдеги мурдагы элчиликтери бул өлкөнүн атынан кызмат кылууну токтотту», — деди Смадияров.

ТИМ өкүлү Казакстанда “талиптердин элчилигин” ачуу бул кыймылдын бийлигин таануу дегенди билдирдирбей турганын айтты. Смадияров “Талибанды” таануу – БУУнун укугу экенин эскертти.

15-апрелде Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Кабулда “Талибандын” вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар экономикалык маселелерди сүйлөшкөн.

Количество просмотров: 44