Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.
Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.