• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Астанада кыйноого айыпталган күч кызматкерлери соттолду

23 Чын куран 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Акмоло гарнизонунун Аскердик соту 13 адамды кыйноого айыпталган Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрт кызматкерине өкүм чыгарды.

Курамында алтыны бар чийки затты уурдоо фактысы боюнча кармалгандар жабырлануучу катары таанылды.

22-апрелде сот подполковник Эркин Амановду алты жарым жылга эркинен ажыратты. Майор Хамит Абдугани менен капитан Кайрат Сартаев беш жылга, Астана чек ара башкармалыгынын адиси Куандык Мухтарханов төрт жылга соттолду. Сот айыпталуучуларды Жабырлануучулардын компенсация фондуна 20 миң айлык эсептик көрсөткүчтү (бир айлык эсептик көрсөткүч 3692 теңгеге барабар) төлөп берүүгө милдеттендирди жана үч жылга мамлекеттик органдарда иштөөгө тыюу салды.

Мындан тышкары сот жеке аныктама чыгарып, Башкы прокуратурага Астананын убактылуу кармоочу жайына текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Иш материалдарына ылайык, ал жакта УККнын кызматкерлери гана кире турган өзүнчө кабат бар.

Соттун маалыматына караганда, “атайын кабатта” камалгандарга медициналык жардам көрсөтүлбөй, жакындары жана жактоочулары менен жолугушууга тыюу салынган.

Атайын кызмат 2021-жылы мартта “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү” деген шек менен Астана, Алматы, Павлодар мен Семей шаарларында ондогон кишилерди кармаган. Алар “адам уурдоо”, “опузалоо”, “адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “алтын камтылган чийки затты уурдоо”, “аткезчилик” беренелери боюнча айыпталышкан. Сотко чейинки тергөө учурунда ондогон шектүү кыйноого алынганы тууралуу азыр жазган.

Улуттук коопсуздук комитеттин мурдагы кызматкерлери айыпты жарым-жартылай мойнуна алышты.

«Алар камактагыларды асып алып урганын, баштарын унитазга салууга тырышканын, ооздоруна суу кайнаткыч тыгышканын моюнга алышкан жок. Биз биринчи күндөн бери булар аткаруучу гана экенин айтып келебиз. Кыйноого ким буйрук бергенин тактап, аларды жоопко тартууга чакырабыз», — дейт жабырлануучулардын биринин тууганы Куралай Омирубаева.

Сот 2023-жылдын октябрында башталган.

Улуттук коопсуздук комитетинин “атайын операциясынын” жүрүшүндө камактагы 28 адамдан кыйноо боюнча арыз түшкөн. Бирок тергөө 13 адамды гана жабырлануучу катары тааныган.

Количество просмотров: 61