• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Астанада сүрөтчү «терроризмди пропагандалоо» айыбы менен жети жылга соттолду

27 Чын куран 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Астана соту 27-апрелде сүрөтчү Даурен Макинди «Терроризмди пропагандалоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты.

Судья Нурлан Баяхметов өкүм чыгарууда айыпталуучунун эрезеге жете элек балдарынын бар экени жана буга чейин соттолбогону эске алынганын билдирди. Прокурор соттон сүрөтчүнү сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Макин сотто айыптоолорду четке кагып, өкүм боюнча апелляциялык баскычка даттана турганын билдирди.

«Биз күнөөсүз экенимди далилдөөгө аракет кылдык. Мени социалдык түйүндөргө ачык, адилеттүү, туура ойлорумду жазганым үчүн соттоп жатышат. Январь окуяларынан кийин менин сүрөттөрүмдүн эскиздери «Новая газетага» басылып чыккан. Мага кылмыш ишин козгоого бул да түрткү болду деп ойлойм», – деди Макин «Азаттыктын» казак кызматына.

Адвокат Макиндин ишинде далилдер жок экенин, айыптоолор бир гана «диктафондук жазуунун» негизинде түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы Макиндин кеңсесине сүрөт тартканды үйрөнөбүз деген эки киши жөнөтүлгөн. Алар сүрөтчүгө «керектүү» терминдерди колдонуу менен суроолорду берип, ортодогу маекти диктафонго жаздырып алышкан. Жүргүзүлгөн экспертиза сүрөтчүнүн сөздөрүндө «терроризмди пропагандалоо» бар экенин билдирген. «Сүйлөшүүдө өкмөттү алмаштырып, анын ордуна шариаттын негизинде жаңы өкмөт түзүү зарылдыгы тууралуу ой айтылган», – деп жазылган экспертизанын корутундусунда.

Даурен Макин ыктымал апелляциялык арыз каралганга чейин тергөө абагында камакта болот. Ал өткөн жылы апрелде кармалып, ошондон бери камактагы мөөнөтү узартылып келет. Анын иши боюнча тергөө иштерин Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Макиндин жакындары ал саясат менен алектенбей турганын, намаз окуган жөнөкөй сүрөтчү экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 43