• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Асылбаеванын чырлуу мыйзамы кайра добушка коюлуп, депутаттар колдоду

28 Теке 2021 20:03 Бишкек Govori.TV

Буга чейин парламентте өтпөй калган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Демилгечи депутаттар Айнура Осмонова менен Гүлшат Асылбаева кайра добушка коюуну сунуштаган. 

Жыйында 97 депутат макул, 5и каршы добуш берди.

Эске салсак, 2020-жылы 26-июнда депутаттар резонанс жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды жактырышкан. Жарандык активисттер, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековдон республикада сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзам долбоорго вето коюуну талап кылышты. Бирок, Конституция боюнча, мамлекет башчы абсолюттук вето укугуна ээ эмес.

Чырлуу мыйзам Жээнбеков тарабынан Жогорку Кеңешке кайрадан иштелип, толукталып чыгууга жиберилген. Маалыматка ылайык, документ өзүнүн аталышын өзгөртүп, Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору болуп ЖКнын кароосуна келген.

Количество просмотров: 675