• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК комитети Орусиянын Канттагы аба базасы тууралуу келишимди колдоду

9 Кулжа 2020 13:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 9-июнда Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.
Талкуу учурунда комитет төрагасы, депутат Исхак Пирматов бул келишим боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатканын, базанын Кыргызстандын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экенин билдирди.

«Маселе өткөн аптада каралышы керек эле. Техникалык себептерден улам күн тартибинен алып, бүгүнкү күнгө койгонбуз. Муну кенен талкуулап, коомчулукка жеткирип койбосок саясатташып кетиптир. 2003-жылы биз «Кант» авиабазасын Орусияга ижарага бергенбиз.2012-жылы өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы келишимдерди кабыл алганбыз. Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункт гана киргизип жатабыз. Баары ачык-айкын жарыяланып турат. Биз болгону 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди инвентаризация жасаганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калганына байланыштуу ушул туура эмес болуп калыптыр деп буга кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр киргизилген. 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4 миллион 500 миң доллар акчаны дагы түшүрүү максатында ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Авиабаза оңдоп-түзөөгө муктаж бизде оңдоого мүмкүнчүлүк жок. Орусия болсо, 2 миллиард доллардай каражат жумшайт. Бул мыйзам долбоорунда жер тилкеси тууралуу маселе жок, оңдоп-түзөө гана болот», — дейт Пирматов.

Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам коомчулукта талкуу жараткан. Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирген.

Количество просмотров: 118