• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

14 Бештин айы 2018 9:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору  Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты.  Мыйзамга 100 депутат «макул», эки депутат «каршы» добуш  берди.

Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады.

«Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, үч окууда өтүп калса кандай укук беребиз — силер чечесиздер.  Бул мыйзам «экс-президент» макамы бар президенттерге жана келечекте экс-президент боло турган президенттерге толук иштеши керек. Бир адамдын кызыкчылыгына колдонулбай, баарына бирдей болушу керек», — деди  Курманкул Зулушев.

Жыйында депутаттар мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кийин кылган иштери үчүн жооп бериши керек болорун, аларды мыйзам менен коргоо туура эмес экенин айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — «Өнүгүү-Прогресс»фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат. Ошондой эле ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Количество просмотров: 44