• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Асынып алган 14 жаштагы баланын өлүмү териштирилет

24 Үчтүн айы 201912:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV.

Мурда окуучу баланын асынып каза болгон фактысы боюнча Ак-Суу РИИБне эч кандай маалымат, же болбосо билдирүү түшкөн эмес. Бирок, бул фактыны териштирүү үчүн, азыркы тапта Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу Ичке-Жергез айылына жөнөтүлүп, окуянын жагдайлары текшерүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери балдардын ата-энелеринен акча талап кылган маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык териштирүү дайындалып, КР ИИМдин КР ИИМдин ИИКнын Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө тобуна тапшырылды. Азыркы учурда кызматтык териштирүү башталып, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, 2019-жылдын 24-январда «Govori TV» маалымат агенттигинде: «Ысык-көлдө 14 жаштагы бала асынып алды» аттуу маалымат жарыяланып, анда Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы Стамбеков атындагы мектебинин 9-классынын окуучусу өзүн өзү асып каза болдугу жана милиция кызматкерлери мурда каза болгон баланын ата-энесинен 7 миӊ сом талап кылышкандыгын, ошондой эле 3 баланын ата-энеси ар бири 1,5 миӊ сомдон беришкендери маалымдалган.

Количество просмотров: 11