«Ат-Башы районунда митинг, жыйналыштарды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.
«Ат-Башы районунда карантин тартиби күчүндө. Аймакта митинг, жыйналыштарды уюштурууга тыюу салынды. Эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди. Береке базарында саат 9:00дөн 14:00гө чейин иштөөгө уруксат бердик», — деп билдирди Эмилбек Алымкулов.