• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды

8 Жетинин айы 202416:51 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ашуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымында жайгашкан жана 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.

Количество просмотров: 195