Түндүк ЖЭБдеги, Ат-Башы ГЭСинин номур 3-гидроагрегатын ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин басма сөз катчысы кабарлады.
Анын айтымында, ал Камбарата ГЭС-2ден кийин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде ишке ашырылган экинчи ири гидроэлектростанция.
«Бул Кыргызстандын энергетикалык тутуму үчүн эң сонун белек. Бул регионго энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга мүмкүндүк берет», — дейт ал.

