• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ат-Башыда шамал көп батирлүү үйдүн чатырын учурду

14 Бугу 20259:11 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында күн мурун саат 15:00 чамасында чыгыштан-батышка ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

ӨКМден билдиришкендей, анын кесепетинен Ат-Башы айылынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 283