• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими алынды

5 Бугу 202314:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими алынды.

Маалым болгондой, аталган райондо аба ырайы турукташып, карлар ээрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлган. Куткаруучуларга муктаждык жок. Көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, 2-3-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың жааган кардын кесепетинен жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калган.

Количество просмотров: 105