• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык тор чыгарылды

24 Теке 202615:15 Бишкек Govori.TV

 Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.

Нарын облустук милициясынан билдиришкендей, торлор балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталган. Алар белгиленген тартипте алынып, жок кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү.

Милиция жарандарды жаратылышты коргоого жана балык уулоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырды.

Количество просмотров: 12