• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ата-Бейитке экстер ээрчишпей барышат экен. Атамбаев өз алдынча барат

6 Чын куран 2018 23:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Ата-Бейитке өз алдынча барат. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевди саат 11ге чакырган. Алмазбек Атамбаев 11.30да өз алдынча барары күтүлүүдө.
Экс-президент Роза Отунбаева эртең, 7-апрелде «Ата Бейит» мемориалдык комплексине  андагы баатырларды эскерүү, куран окуу аземине барат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондусунан тастыкташты.
Белгилей кетсек, «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өтөт. Президенттин маалымат кызматы иш чарага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылганын билдирген.
Эске салсак, былтыр 7-апрелдин 7 жылдыгында «Ата Бейитке» экс-президент Роза Отунбаева чакыртылган эмес.
Количество просмотров: 48