Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева катышты.
Мамлекет башчысы 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду.
Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.
Эскерүү иш-чарасына 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.