• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Ата-энелер балдарын ыссыкта машинанын ичинде калтырышкан. Аларды милиция кызматкерлери куткарышты

10 Баш оона 201817:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori. TV
Милиция кызматкерлери 2 баланы сактап калышты. Аларды ата-энелери күндүн эң ысык жерине машина токтотушуп, арка орундукка отургузуп, унааны бекитип кетип калышкан. Бул туурасында видео жана материалды активист Александр Толмачев фейсбук баракчасына жайгаштырды.
Анын айтымында окуя Шопоков жана Чүй көчөлөрүндө ЦУМ га жакын жерде болгон. Балдар думчугуп калбашы үчүн, жол коопсуздук кызматынын кызматкери унаанын алдынкы жүргүнчү тарабындагы терезесин ачып, балдарды ошол тарапка жылдырган. Балдар унаада канча убактан бери отурганы белгисиз. Милиция кызматкеринин айтымында жарым саатча отурушкан.
Бир аз убакыттан кийин ата-энелери келген.
“Алардын жүзүнөн балдарынын өмүрүнө коркунучтуу жагдай жаралганын көргөн жокмун. Алар маселе милиция кызматкердин келгендигинде деп ойлошту”,-  деп кошумчалды Толмачов.
Милиция кызматкери коркунучтуу окуянын алдын алып калды. “Балдарга аба жетпей каза болуп калышы мумкун эле. Мына алар тердеп, суу болуп отурушат деп белгилеген”,- Толмачов. Ал балдарды куткаргандыгы үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.

https://www.facebook.com/100002179956328/videos/1839192456163402/?id=100002179956328

Количество просмотров: 21