Тазабек Икрамов коомдук талкууга алып чыкты. Эл өкүлү «Кылмыш жана жаза» кодексине өзгөртүү киргизип, «Колунан иш келбеген ата-энесин каржылабаган» адамдарды эркинен ажыратуу же коомдук жумушка тартууну сунуштайт. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында илинип турат.
«Кыргызстанда ата-энесин таштап кеткен фактылар көбөйдү. Учурда карылар үйүндөгү адамдардын саны 1000 ден ашты. Жыл сайын андайлардын саны көбөйүүдө. Баш мыйзамдын 37-беренесинде элдин салт-санаалары жана үрп-адаттары жарандардын укугуна жана эркиндигине шек келтирбесе, мамлекет тарабынан колдоого алынат деп жазылып турат. Кыргыз элинде улууну урматтоо, жакын адамдарга кам көрүү байыртадан келе жаткан адат. Ошондуктан ата-энесин карабай койгон жарандарга айып пул салынышы керек. Эгер экинчи жолу кайталанса, кылмыш жообуна тартылып, камака алынат,-деп жазылат мыйзамдын аныктамасында.
Бирок түрмөдө отургандар ата-энесине кантип кам көрөөрүү жазылган эмес.