Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мастери Алмаз Арзыкулов менен жумушчусу Адилет Туратбек уулу Жолдубай Кайыповдун «Ата-эне» аттуу ырын ырдашты. Алардын видеосу Бишкек мэриясынын Facebook баракчасына жарыяланды.
Жарыяланган видеодон мастердин пианинону чертип жатканын, ал эми жумушчунун ырчылардан кем калбай обон созгонун көрүүгө болот.