• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды жоопко тартуу керекпи?

27 Аяк оона 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендердин мамлекеттик кызматтарда иштешине тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорунун башкы максаты ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса ата-апаларын алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот алимент өндүрүүнү карайт

«Учурда эмгекке жарамсыз улгайган жарандарды таштап кеткен балдарын жазага тартуу үчүн соттун чечими керек. Бирок ата-энелер өзүнүн баласына эч качан арыз жазбайт экен», — деди Икрамов.

«Ата-энесин карылар үйүнө таштагандарды жоопко тартуу керекпи?» деген суроонун айланасында башка депутаттардын пикирин уктук…

Количество просмотров: 270