• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ата Мекен» парламенттик шайлоого катышарын билдирди

1 Аяк оона 2021 14:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” саясий партиясынан келип түшкөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аблакеева Чынара Аскарбековнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары – Кулжанова Динара Кувайбековнаны бекиткен.

Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Жашылдар партиясы», «Жаратман Эл», “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» партиялары билдирген.

Количество просмотров: 110