Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
“Ата Мекен” партиясына 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат берилди. Бул маалыматты парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ырастады.
“Биринчи май райондук администрациясы уруксат берди. 23-апрелге белгиленген тынчтык митинг Жогорку соттун имаратынын алдында өтөт”,- деди ал.
Фракция боло турган иш чарага катуу дарядык көрүүдө. 23-апрелде аба ырайы бузулат деген маалыматтан улам, митингдин катышуучуларына кол чатыр бекер берилет. Аладын айтымында 2000 кол чатыр даярдалууда.
23-апрелде митингге учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн “Ата Мекен” жана “Мекенчил” партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.