• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Ата Мекен» партиясы борбор калаага жыйын курду

22 Бирдин айы 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,  22-февралда «Ата мекен” партиясынын шаардык конференциясы өтүп жатат. Жыйынга партия мүчөлөрү, өлкөдөгү түрдүү диаспора өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Анда учурдагы абал жана партия мүчөлөрүнүн алдыдагы пландары талкууланууда.

Конференциянын жүрүшүндө фракция лидери Айсулуу Мамашова элдин социалдык көйгөйлөрүн, өлкөнүн экономикалык-саясий абалы тууралуу сөз сүйлөсө, депутат Садык Шер-Нияз “Ата Мекен” партиясынын мурунку авторитардык бийлик менен күрөшүүдөгү ролу жана орду тууралуу кеп козгоду.

Кошумчалай кетсек,  “Ата Мекен” социалисттик партиясы 1992-жылы түзүлүп, өлкөдөгү солчул багыттагы активдүү саясий күчтөрдүн бири болуп саналат. 



Количество просмотров: 221