• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ата Мекендин» чыры: Текебаев калп айттыбы?

30 Бештин айы 2019 12:37 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Ата Мекен» партиянын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып жана партиядан чыккандыгын жарыялаган. Ал мындай кадамын Текебаев менен пикир келишпестиктен улам жасаганын айткан.

Ал эми Өмүрбек Текебаев эч кандай пикир келишпестик болбогонун, Шыкмаматов фракциянын ичиндеги эрежеден улам өз ордун башка депутатка өткөрүп берүүсү керек болгонун айткан эле.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырганы боюнча пикирин журналисттерге билдирди. «Ар бир партиянын ичинде шайлоо алдында өздөрүнө гана тиешелүү эрежелери болот. Биз дагы шайлоо алдында ар бир аймакка бирден талапкер дайындаганбыз. Аз добуш алгандар орун бошотот деп жигитче кол алышканбыз. Бул нотариалдык жактан бекемделген. Бирок биздин партияда орун бошотпой койгон адамдар болгон. Ошон үчүн партиядан көп добуш алган 3-4 талапкер депутат болбой калышкан. Нарын облусунда Нурбек Сыдыгалиев менен Шыкмаматов иштешкен. Алар 2 жарым жылдан депутат болобуз деп сүйлөшүшкөн. Шыкмаматов мындан бир нече убакыт мурун ордун бошотушу керек болчу. Бирок анын үстүнөн иш козголуп, куугунтукталып жатканда мандатын алып койгон өлгөндүн үстүнө көмгөнгө барабар эле. Ошон үчүн Сыдыгалиев мандатты талап кылбай келген. Экөө дос болгон. Мындан бир нече убакыт мурун Шыкмаматов мандатын Сыдыгалиевге өткөрүп берем деп чечкен. Шыкмаматов жигитчилик кылып, сөзүнө туруп ордун бошотту. Мен Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестикти байкаган жокмун. Анын партиядан чыгуу боюнча расмий арызы түшө элек, түшсө биз аны партиядан чыгаруудан баш тартабыз», — дейт Текебаев.

Ал эми бүгүн Шыкмаматовдун ордуна келген Нурбек Сыдыгалиев комментарий берип, Текебаев айтып жаткан 2,5 жылдык келишим болбогонун айтып, мындай маалымат чындыкка дал келбейт деди.

«Биз экөөбүз (Шыкмаматов) ага-инидейбиз, мен кантип андан мандат талашам, себеби тизмеде экөөбүздүн ортобузда бир топ айырма бар болчу. Шыкмаматов мандатын тапшырган соң менин алдымдагы төрт адам менен өзүм сүйлөшүп, натыйжада ордун бошотуп беришкен. Экөөнүнүн ортосундагы (Текебаев менен Шыкмамтов) уруштан мандат бошоду, мен ошого келдим», — деди Сыдыгалиев.

Количество просмотров: 3930