• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Ата-Журт Кыргызстан» Акыйкатчыны кызматынан бошотууну сунуштады

19 Чын куран 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирди.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын негизинде парламентте чечим кабыл алууда талаш-талкуу чыкты

Акыйкатчы мындан бир күн мурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин жыйынында жылдык баяндама жасаган жана анда «баяндама эске алынсын» деген чечим чыгарылып, жалпы жыйынга кароого жөнөтүлгөн.

Атыр Абдрахматова бул кызматка 2022-жылы мартта шайланган.

Количество просмотров: 399