МинКаб төрагасы 7 акимди кызматтан алууну сунуштады (тизме)
МинКаб төрагасы 7 акимди кызматтан алууну сунуштады (тизме)
21 Бирдин айы 202514:12 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 21-февралда Президенттин администрациясынын коллегиялык жыйынында 7 райондун акимин кызматтан бошотуу боюнча сунуштарды президент Садыр Жапаровго жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Алар:
Баткен райондук администрациясынын башчысы – аким У.И. Жоробаевди кызмат ордунан бошотуу;
Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.К. Карагуловду кызмат ордунан бошотуу;
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Д. Кулубаевди кызмат ордунан бошотуу;
Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.М. Субагожоевди кызмат ордунан бошотуу;
Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Ж. Насировду кызмат ордунан бошотуу;
Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Ж. Нармырзаевди кызмат ордунан бошотуу;
Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.А. Жээнбековду кызмат ордунан бошотуу сунушу.