Атаандашын жерге сулаткан кыргыз мушкеринин видеосу интернетке жарыяланды. Ал видеодогу эрежесиз эр уруштун жүрүшүндө биринчи раундун жарым мүнөтүндө кыргыз мушкеринин бет маңдай узатылган соккусу таамай тийип, атаандашын эстен тандырганын видеодон көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстандык мушкер Ринат Саякбаев Украинада өткөн аралаш мушташ боюнча WWFC 11 турнирине катышып атаандашын утуп алганы туурасында инстаграм баракчасына жазган. ММА боюнча эл аралык турнир 16-июнь күнү Украинанын Киев шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан мушкерлер Ринат Саякбаев менен Актилек Жумабек уулу катышкан.