• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атабаева: Эрте турмушка чыгуу, ажырашуу бул эң чоң көйгөй

19 Бирдин айы 2023 13:33 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бир 48 жаштагы Дилфуза Атабаева, ал Оштун Кара-Суу шаарынан келген.

«Кара-Суу шаарында аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштейм. Негизги кесибим мектепке чейинки билим берүү багытында. Аялдар кеңешинде 10 жылдан бери эмгектенип келем. Биздеги эң негизги көйгөй эрте турмушка чыгуу, ажырашуу жана жаш өспүрүм кыздар-балдардын кесип тандоодогу болгон стериотиптик, үй бүлөлүк тоскоолдуктар. Негизи шаарбыз өтө динге жакын болгондуктан бул стериотиптер өтө жогору коюлуп, «эл эмне дейт» деген сөз менен жашайт. Биз учурда жергиликтүү бийлик менен бирге ушул багытта иштерди алып барып жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 113