• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Президенттин укуктары жана милдеттери

3 Баш оона 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаңы Конституция боюнча көпчүлүк өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Жаңы баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин эки тизгин, бир чылбыры президенттин колунда болот. Жаңы редакцияда ажо кандай эбегейсиз укуктарга ээ болду? Алдыда кененирээк токтолобуз…

Кошумчалай кетүүчү жагдай президентке импичмент жарыялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу дагы керек. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги азыркыдай көпчүлүк эмес, үчтөн же экиден кем эмес бөлүгү макул болуусу шарт. Так ушул себептүү жаңы баш мыйзам «ханституция» бийлигин орнотот деп сындап жатышат.
Ал эми юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин укуктарынын кеңейтилиши эмне үчүн коркунучтуу экенине токтолду.

Кыргызстандын эгемендүү тарыхында Конституцияны өзгөртүүдө дайыма бийлик ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселеси ортого коюлат. Жаңы Конституцияны колдогондор «жоопкерчиликти бир эле кишиге жүктөп, акыйкат башкаруу камсыздалат» деп ишендирүүдө. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилгени менен кошо эле анын жеке жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков жаңы Конституцияда тескерисинче жоопкерчилик тууралуу сөз жокко эсе болуп калганын айтканы бар.

Эл өкүлү Улукбек Ормонов Кыргызстанда парламенттик өлкө деп аталганы менен көмүскөдө президент башкарып келгенин белгилеп, кайрадан президенттик башкарууга өтүп, эки тизгин, бир чылбырдын ажого берилишине парламенттик башкаруудагы нюанстар түрткү болду деген пикирде.

Ошентип, 2010-жылы кан төгүлүп, бийлик алмашкан окуялардан парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыя кылган Кыргызстан 11 жылдан кийин кескин бурулуш жасап, президенттик башкаруу жолуна кайтууда. Бул аралыкта партиялык-парламенттик башкаруудан элдин көнүлү калып, ишеним кетти дешүүдө. Андан көрө бир адам башкарып, баарына өзү жооп берсин деген бүтүмгө келишти. Бирок жарандык коом менен юристтер бул кайрадан отуз жыл артка кайтууга барабар экенин айтышууда.

Количество просмотров: 358