Сокулуктун Новопокровка айылындагы «Аталук Групп» ЖАКсына таандык кеңсесин белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул тууралуу ички иштер органдарынан кабарлашты.
Анда маалым болгондой, 24-март күнү аталган жеке компаниянын өкүлдөрү райондук милиция өлүмүнө кайрылып, 23-марттан 24-мартка караган түнү жүзүнө беткап кийген белгисиз адамдар кеңсеге кирип, сейфти чагуу менен 2 210 000 сомду уурдап кетишкенин арызданып, чара көрүүнү суранган.
Азырынча видео-байкоодогу беткапчан эки белгисиз адамды Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тиешелүү бөлүмү издеп жаткан чагы.
Эске сала кетсек, аталган ишкана алкоголдук ичимдиктерди жана айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчү ири ишканалардын бири.