Ош шаарында 11-апрелге караган түнү жеңил машине менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, үч киши каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жараат алган бир киши шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Шектүүлөр кырсыкка кабылганга чейин милициядан качып баратышкан. Милицияга Ош шаарынын тургуну бир нече киши үйүнө бастырып кирип, ур-токмокко алып, тоноп кеткенин айтып кайрылган.