• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аламүдүндө 21 жаштагы кызды карактап, сабоого шектүү жарандар кармалды

25 Үчтүн айы 2021 17:16 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын март айында Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 21 жаштагы кызды карактап кетишкен. Тактап айтканда эки адам дубинка менен 21 жаштагы кызды сабап, анын 6000 сомун тартып алышкан.

Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылып, кийин милицияга арыз жазган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин Криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2020-жылдын жай мезгилинде жогорудагы кылмышка шектелип 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалган. Ал бүгүнкү күндө тергөө абагында кармалууда.

Ал эми экинчи шектүү — 29 жаштагы А.Р. бүгүн, 25-январь күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 235