• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Пакистандыктардын 40 миң долларын карактап кеткен жарандар кармалды

15 Үчтүн айы 2021 11:38 Бишкек Govori.TV

«Сосновка» постунда пакистандыктардын 40 миң долларын карактап кеткен тажик жарандары кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-январында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы «Сосновка» стационардык постунда саат 22:00дөр чамасында Mercedes унаасына «перехват» планын жарыяланган. Себеби Тажикстандын жарандары күч колдонуп, Пакистандын жарандарынан 40 миң доллар акчасын карактап, андан кийин күмүш түстөгү Mercedes үлгүсүндөгү унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

«Жогорудагы маалыматты алган «Сосновка» постунун нөөмөттүк инспекторлору жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын документтерин текшерүү учурунда күмүш түстөгү Mercedes автоунаасын токтотушкан. Айдоочуну текшерип жатканда бир нерсеге тынчсызданып жатканы байкалган. Текшерүү учурунда кызматкерлер унаадагылар бир жакка шашып же качып баратканын түшүнүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-топ аталган жерге келип, шектүүлөрдү колго түшүргөн. Аларга тинтүү жүргүзгөндө чоң суммадагы акча табылган. Сурамжылоо жүргүзүү учурунда Тажикстан Республикасынын жарандары бул ири сумманы кандай алышканын түшүндүрө алышкан эмес.

Тажикстандын үч жараны тең кармалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди.

Количество просмотров: 190