• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаев «Ак Шумкарды» албай калды окшойт

17 Аяк оона 2018 18:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Ак-Шумкар» белгисин Тарых музейинин ачылыш аземинде алат. Бул тууралуу  КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин акыркы жолугушусунда, президент сыйлыкты ыйгараарын убада кылган. Тарых музейдин ачылыш аземи качан болоору азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевге «Ак-Шумкар» белгиси дагы деле бериле элек деп айтып чыккан.
Ал эми  президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева чындыгында эле Алмазбек Атамбаевге сыйлык берүү тууралуу билдирүү 2017-жылдын аягында, 2018 жылдын башында болгонун айтты.
«Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, мурунку президент бул сыйлыкты алууну каалабады. Учурда бул маселе талкууга алынган жок», —деди Толгонай Стамалиева.
Тактап кетүүчү жагдай, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жеке жолугушуусу 2018-жылдын март айында болгон, анда эски достордун ортосунда кара мышык аралап кеткендиги кабарланган. Анткени Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, Жээнбековго карата таарынычын ачык билдирген.
Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын Алмазбек Атамбаевге азыркы президент Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда бере тургандыгын билдирген.
Количество просмотров: 39