Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан КСДП тарабынан уюштурулган “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп: «Кыргызстанда бийликтин өзүмбилемдиги токтобосо, «Сооронбай, кет!»,- деп чыгарын эскертти.
«Азыркы зөөкүрдүк, өзумбилемдик токтобосо, «Сооронбай, кет!» — деп чыгабыз. «Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол» деп талап коебуз», — деди Атамбаев.
Эске салсак, бүгүн Форумдун имаратынын алдында “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” деген тынчтык митинги өттү.