• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Атамбаев Чүйдүн губернатору Абдраимов менен Дубайда эмнеге кезиккен?

22 Бирдин айы 2019 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев БАЭге барып, ал жактан
Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов менен жолугушканы тууралуу маалыматты КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева тастыктады.

«Атамбаев БАЭге кыска мөөнөттүү эс алууга кеткен. Андан соң эч кандай башка өлкөгө барган эмес. Ал эми Чүй губернатору менен жолукканы маалым. Жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгону ал эки адамдын ортосунда калды»,-деди Кундуз Жолдубаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып

Маалым болгондой Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы.

Эске салсак, бүгүн КСДП партиясы жана экс-президент Алмазбек Атамбаев брифинг өткөрдү.

Количество просмотров: 4