Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.
Октябрь райондук сотунда «Апрель» телеканалы менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук кароо болду. Соттун чечими менен экс-президент Алмазбек Атамбаев доогерлер мурунку депутат Ахматбек Келдибеков, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдердин ар бирине 100000 сомдон айып төлөп бермей болду.
Ал эми «Апрель» телеканалынан каражат алынбай турган болгону менен Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаев боюнча айтылгандарды четке каккан маалымат берип, соттук чыгымдарга 4200 сом төлөмөй болгондугу айтылат.
Эске салсак, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевден жана анын телеканалынан моралдык чыгымды өндүрүп алуу ниетин көздөшүүдө. Доонун суммасы 18 миллион сом. Мурунку аткаминерлерди Алмазбек Атамбаевдин канал аркылуу алардын дарегине айтылган сөздөрү нааразы кылган.