Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун арызы боюнча Октябрь райондук соту чыгарган чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кайрылат.
Маалыматка ылайык, райондук соттун чечими боюнча доо арызды экс-президенттин адвокаттары даярдап жатат.
Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко берген. Алар «экс-президент телеканалга берген интервьюда ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Арызды Бишкектин Октябрь райондук соту карап, Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.
Мындай соттун чечимине канааттанбаган саясатчылар да шаардык сотко кайрылган.
Булак: Азатык.