Бүгүн, 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылып жатат.
Отурумда бир өндүрүштөгү 3 иш каралып жатат. Алардын баарында Атамбаев айыпталуучу. Тактап айтсак, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу, мыйзамсыз баюу жана 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча.
Отурумда конвоирлер Атамбаевдин кайрылуусун, медициналык маалым катын жеткирди. Ал ден соолугунун абалы жакшы болбогондуктан отурумду анын катышуусу жок өткөрүүнү суранган.