Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
«VB.KG» маалымат агенттиги акыркы коомчулукта талкууланын жаткан маселелер туурасында көзү ачыкка кайрылышып, бир топ суроолорго жооп алышкан. Алардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы тагдыры тууралуу да айтылган.
Көзү ачык экс-президент Атамбаев камакка алынуусу мүмкүн экенин айткан.
«Атамбаев камалышы мүмкүн. Бирок, ал бир гана Атамбаевдин колунда. Ал камалуудан кутулуу үчүн олуттуу, ойлонулган кадамдарга баруусу керек. Мен ага президент Жээнбеков каршы чыгуусун токтотуусун сунуш кылмакмын. Бул каршылык эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Эгер Атамбаев эли үчүн жакшы иш кылгысы келсе анда, Жээнбековду жайына коюшу керек»,-деди көзү ачык Света Тойгонбаева.
Эске салсак, 25-май күнү Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кеткен. Мындай чечим кабыл алууга «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамы себеп болгон.