• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев камаган Бекболот Талгарбеков акталды

8 Бирдин айы 201922:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.02.2019.Govori.TV.

Соттук жогорку инстанция Бекболот Талгарбековдун ишин 6-февралда көзөмөл иретинде карап чыгып, аны бийликти күч менен кулатуу беренеси боюнча күнөөлүү эмес деп тапты. Бул маалыматты Би-Би-Сиге абактагы саясатчынын адвокаты Тимур Жанаев өзү ырастады.

«Талгарбеков он төрт жылга соттолгон. 299-берене боюнча беш жылга, 295-берене боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку Сот 295-берене боюнча өкүмдү жокко чыгарып, аны актады»,-деп билдирди Тимур Жанаев.

Мурдакы бийликке оппозицияда болгон саясатчынынын коргоочусу аны соттолгон башка беренеси -улут аралык касташуу боюнча дагы сот өкүмү Жогорку Сотто караларын билдирди.

«Элдик парламент» саясий бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбеков 2016-жылы 17-майда ошол убактагы президент Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып тынчтык митингге чыгарын билдиргенден кийин УКМК тарабынан кармалган. Сот аны бийликти күч менен кулатуу аракетин жасады деп айыптап, он төрт жылга эркинен ажыраткан. «Элдик парламенттин» башка мүчөлөрү Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилген болчу.

Булак: Би-Би-Си

Количество просмотров: 15