• Шаршемби 27 Аяк оона 2023
  • Среда 27 Сентябрь 2023

Атамбаев кайсы укугу менен Матраимовду кызматынан алдырткан?

10 мая 2018 в 12:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV
«ММКларга Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковдон Матраимовду кызматтан алууну суранганын айтыптыр. Бирок, ал кадрдык саясатка кайсыл укугу менен аралашып жатат?” Бул сөздү бүгүн, Биринчи май райондук сотунда КР Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басарынын жактоочусу  Татьяна Карыжинская айтып чыкты.
Анын айтымында, төрага орун басар Раим Матраимовду кызматтан алууда мыйзамдар одоно бузулган жана ал мыйзамдуу түрдө мурда ээлеген кызматына сот акыйкаттыгы аркылуу кайтып келиши керек.
Ошол эле маалда Мамлекеттик Кадр кызматынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкери Салтанат Сатарова 2017-жылы Раим Матраимовго бир дагы кызматтык сын-пикир айтылбаганы, эч кандай сөгүш же эскертүү берилбегенин ачыктады.
Количество просмотров: 5