• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаев КСДПканы саткындардардан талазайм дейт

25 Аяк оона 2018 13:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.09.2018.Govori.TV.

Бүгүнкү күндө КСДП партиясынын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр партиябызга кол салып жатат. Бул тууралуу Алмазбек  Атамбаев Кыргызстандын Социал-Демократиялык партиясынын 1-съездинин 25 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.

«Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок, ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат. Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек!»,-дейт Атамбаев.

 

Количество просмотров: 26