• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев Кытайга «Графтын» самолету менен учуп кеттиби?

9 Чын куран 2018 10:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.04.2018.Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-апрелде Кытайдын Хайнань аралына казакстандык олигарх «Графтын» самолету менен учуп кетти деген маалымат келип түштү. 7-апрелден кийин Кытайга барары тууралуу экс-президент 31-марттагы КСДП съездинен кийин маалымат жыйынында билдирген. Бирок, экс-президент 7-апрелде «Ата-Бейиттеги» эскерүү иш чарасына ооруп калып барган эмес.
Govori.TV агенттигине экс-президенттин Кытайга учуп кеткен самолетунун сүрөтү жана ал самолет кимге таандык экени тууралуу маалымат келип түштү.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-апрелде саат 12:00дө казакстандык “Граф” каймана аты бар Алимжан Ибрагимовго таандык “Embraer 135 Em 008” номерлүү жеке учагы менен Кытайдын Хайнань аралына учуп кетти. Атамбаевди аэропорттон өкмөт башчысы Сапар Исаков, “Манас” аэропортунун башчысы Эмир Чукуев, КСДП орун басары Фарид Ниязов, кеңешчиси Алмаз Үсөнов, өкмөт башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов узатышкан. Атамбаевди жакында мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилигинен бошотулган Дамир Мусакеев жана дагы 4 күзөтчү коштоп кеткен. Өткөндө КСДПнын съездинен кийинки маалымат жыйынында Атамбаев жакында Кытайга барам деп айткан. Атамбаев өзүнүн көп “досторунун” бири олигарх Графтын учагы менен учканы чынбы, жалганбы, белгисиз. Буга чейин экс-президент азыркы президент учкан самолетту пайдаланды деген сөз тараган. Президент Сооронбай Жээнбеков 1-борт менен Түркияга, андан ары Европага учканын эске салсак, экс-президент чындап эле кайсы самолет менен кеткени кызык.
Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөновго байланышканыбызда ал бул маалыматтарды тактап берерин айткан менен кийин жооп берген жок.
Эске салсак, коомдук ишмер Эдил Байсалов «Атамбаевдин он бир досу» деген иликтөөсүндө казакстандык олигарх «Граф» каймана аты бар Алимжан Ибрагимов менен байланышы тууралуу жагдайларды ачыктаган.
Количество просмотров: 68