• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Атамбаев менен “Апрель” каналы 3 саясатчыга 600 миң сом төлөөгө милдеттендирилди

2 Бугу 201917:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV

Шаардык сот Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалы 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Шаардык сот  «Апрель» каналын  дагы  акча төлөсүн деген   чечимин медиа эксперт, Бегайым Усенова сынга алды:

“Атамбаевден интервью алган «Апрель» каналы жоопкерчиликке тартылбашы керек. Бүгүнкү күндө ММКлар мынча киреше табышпайт”, -деп билдирет медиа эксперт.

Эске салсак, А.Бекназаров баштаган жогорудагы саясатчылар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп былтыр сотко кайрылышкан.

Количество просмотров: 14