Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бирге бир учакта учкан Нариман Тюлеев пост чыгарган эле.
Бирок Атамбаевди жамандап жазгандан кийин, Тюлеевдин профилинде дагы бир сүрөт чыкты. Анда Тюлеев менен Атамбаев жаркылдап бирге сүрөткө түшкөнүн көрсө болот.
Эскерте кетсек, мурда Нариман Тюлеев интервью берип жатып, Атамбаев менен жада калса бир ажатканага да отурбастыгын билдирген эле.