Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун билдирди.
Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып айтты жана ошол кездеги аткаруу бийлигин «Матраимовдун мыйзамсыз иштерин мага жеткирбегенге аракет кылган» деп күнөөлөдү.
Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айтты.
«Райымдан эмнеге коркуп жатат? Анткени ал Жээнбековдун былыктарын билет», — деди Атамбаев.